География:ЧОКТАЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЧОКТАЛ – Күнгөй Алатоонун батыш бөлүгүнүн түш. беттеринен агып түшкөн суу. Ысыккөлгө куят. Уз. 26 км, алабынын аянты 132 км2. Суу куралуу аянтынын орт. бийикт. 3510 м. Алабында жалпы аянты 16 км2 болгон мөңгүлөр ж-а 5 чакан көл бар. Ч-га жалпы уз. 43 км болгон 12 суу куят. Майдан сентябрга чейин кирип, октябрь – апрелде тартылат. Көп жылдык орт. чыгымы 0,6 м3/сек; июлда мөңгү бузулуп, суу кирет, орт. чыгымы 1,44 м3/секга жетет, суусу тартыш декабрь – февраль айларында 0,2 м3/сек. Эң көп чыгымы 3,34 м3/сек, эң азы 0,75 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Ч-дан 1,6 м3/сек суу өткөзүүчү 7 сугат каналы чыгарылган. Боюнда Чоктал кыш. жайгашкан.