География:ЧИЛУСТУН ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧИЛУСТУН ТООСУ Түш. Теңиртоодо, Араван суусунун түн.-чыгышында. Түн.батыштан түш.-чыгышты карай 20 кмге созулат. Туурасы 5 км. Кыры аскалуу; капталдары тик ж-а кыска. Силур-девондун акиташ теги, мрамор тектеринен турат. Карсттык үңкүрлөр (ирилери Чилустун, Курбанбайата ж. б.) көп. Жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафты мүнөздүү. Кышкы жайыт; үңкүрлөрү рекреация максатында пайдаланылат.