География:ЧИЛИСАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧИЛИСАЙ – Аравансай суусунун сол курамы. Уз. 50 км, алабынын аянты 425 км2. Кичи Алай тоосунун түн. капталындагы мөңгүдөн башталып, адегенде Гезарт аталып, токойлуу кокту аркылуу агат да, ортоңку агымында Ноокат өрөөнүнө чыгат. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2900 м, эң бийик жери 4926 м. Гезарт ж-а Агарт ашуулары бар. Эң ири куймасы – Агарт (сол). Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 3–4 м3/сек, эң көбү май-июнда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Жаңы Ноокат ж. б. кыш. орун алган.