География:ЧАРТАКСАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧАРТАКСАЙ, Р е н ж и Т– Аксы р-нунда гы суу. Нарын д-нын алабында. Уз. 67 км, алабынын аянты 715 км2. Бозбутоонун түш. капталынан башталып, кууш ж-а анча терең эмес капчыгай аркылуу агат. Мундуз кыш-нан төмөн өрөөн жайылып, тоо этегиндеги түздүктө салааланып барып, жерге сиңип жок болот. Киргенде гана Нарынга кошулат. 11 куймасы (жалпы уз. 10 кмге жетпеген) бар. Апрелде кирип, августта тартылат. Жылдык орт. чыгымы 1,78 м3/сек. Кээ жылдарда жазгы жамгырдан ташкындап, сел жүрөт (мис., 1962-ж. 5-майда суунун чыгымы 102 м3/секга жеткен). Сугатка пайдаланылат. Канарык каналы аркылуу Түн. Фергана каналына кошулат. Өрөөндө Мундуз, Пишкаран ж. б. кыш. бар.