География:ЧАНАЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧАНАЧ – Пачата суусунун оң куймасы. Чаткал кырка тоосундагы аты окшош ашуудан башталып, түш.-чыгышка агат. Уз. 48 км, алабынын аянты 135 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2600 м. Ч-тын алабы кууш келет (өрөөнүнүн уз. 40 км, туурасы 10 км). Чанач капчыгайы аркылуу шар агып, Акбашат тоосу туштан өткөндө жайылып кетет. 10го жакын куймасы бар. Өрөөнгө агып чыккандан кийин Актам кыш-нан 12 км төмөн Пачатага куят. Негизинен кар, жаан-чачын ж-а булак сууларынан куралат. Эң көп чыгымы июнда (7,90 м3/сек), эң азы мартта (0,61 м3/сек) байкалат. Жылдык орт. чыгымы 1,76 м3/сек. Ч-тын суусу өрөөнгө чыкканда бир нече сугат каналдарына бөлүнүп кетет.