География:ТЕЗЕКТӨР МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ТЕЗЕКТӨР МӨҢГҮСҮ — Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Уз. 3,3 км, аянты 5,7 км2. Шамшы суусунун жогорку агымы Чоңтөрдүн башында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4260 м, этеги 3420 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3840 м, абляция облусунун аянты 1,9 км2. Мөңгүдөн Тезектөр өзөнү башталып, Шамшы суусунун сол куймасы Туюкка куят.