География:ТАМДЫКУЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТАМДЫКУЛ — Алай кырка тоосундагы чокулардын бири. Деңиз деңг. бийикт. 5539 м. Кырка тоонун батыш тарабында жайгашкан. Чоку жылаңач кырдуу, батыш ж-а чыгыш капталдары тик. Анын батышында Арчабашы мөңгүсү жайгашкан. Негизинен силурдун сланец, кремний, кумдук тектеринен түзүлгөн.