География:СУРҮҢКҮР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
СУРҮҢКҮР – Баткен облусунун Кадамжай р-нун аймагындагы карст үңкүрү. Катраңбашы тоосунун түш. капталында, Сур кыш-нан 2 км түн.-чыгыш тарапта жайгашкан. Карбон мезгилинин акиташ тектеринде пайда болгон. Уз. 120 м, тереңдиги 65 м. Орто кылымда руда казып алынган. Үңкүрдөн байыркы чырактар, идиш сыныктары табылган. Спелеолог, тарыхчыларды кызыктырат.