География:СУМСАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

СУМСАР – Алабука р-нундагы суу, Сырдарыянын оң куймасы. Уз. 54 км, аянты 324 км2. Чаткал кырка тоосунун түш.чыгыш тармагы Көкала тоосунун чыгыш капталынан башталган Көкаласай ж-а Айырма сууларынын кошулушунан түзүлөт. Негизинен кар ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 0,97 м3/сек. Жети куймасы бар. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Кекиликкоргон, Мончок кыш. орун алган.