География:САРЫТӨР МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

САРЫТӨР МӨҢГҮЛӨРҮ — Ички Теңиртоодогу Үчемчек тоосу Тескей Алатоого кошулган жерде жайгашкан өрөөн тибиндеги эки ири мөңгү (Чыгыш ж-а Батыш С. м.). Кичи Нарын д-нын оң курамы Жылуусуунун төрүндө. Ч ы г ы ш ы нд а г ы мөңгүнүн уз. 5,6 км, аянты 8,8 км2; башы деңиз деңг. 4480 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Б а т ы ш ы н д а г ы с ы н ы н уз. 2,6 км, аянты 5,0 км2, башы 4420 м, этеги 3800 м бийиктикте. Мөңгүлөрдөн Сарытөр өзөнү башталып, Ашуудөбө суусуна (Жылусуунун башаты) куят.