География:ПАПАН СУУ САКТАГЫЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ПАПАН СУУ САКТАГЫЧЫ Ош облусунун Карасуу р-нун аймагында. Каптар капчыгайында, Акбуура суусунун нугуна курулган. Ош ш-нан 16 км аралыкта. Көп жылдык суу агымын жөнгө салат. Сугатка пайдаланылат. 1983-ж . ишке киргизилген. Уз. 8,5 км, эң жазы жери 1,6 км, эң терең жери 100 м, суу толгондогу аянты 7,1 км2, көлөмү 260 млн м3. Плотинасынын уз. 107 м, туурасы 20 м, бийиктиги 100 м. Андагы топтолгон суу 39,6 миң га жерди сугарат.