География:МҮДҮРҮМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МҮДҮРҮМ — Ички Теңиртоодогу суу, Аксайдын сол куймасы. Уз. 98 км, алабынын аянты 1804 км2. Какшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, түндүктү, андан кийин Мүдүрүм өрөөнү м-н батышты, Көгарт суусу кошулгандан кийин түш.-батышты, Балыкты кошулган соң, түштүктү карай агып, Аксайга куят. Мөңгү, кар ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 12,4 м3/сек, эң чоң чыгымы июль – августта, азы январь – февралда байкалат. Майда кирип, октябрда тартыла баштайт. Ири куймалары: Балыкты (уз. 34 км), Акбайтал (20 км), Көксуу (18 км оң), Көгарт (19 км), Тешикчап (17 км), Кеңтөр (16 км; сол). Алабынын аянтынын 13%ин (223,6 км2) мөңгү ээлейт. Жалпы аянты 1,40 км2 болгон 31 майда көл бар.