География:МИҢКУШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИҢКУШ — Жумгал р-нундагы суу, Көкөмерен суусунун сол куймасы. Уз. 47 км, алабынын аянты 728 км2. Молдотоонун түн. капталынан башталып, нугу кууш; ортоңку ж-а төмөнкү агымында өрөөнү кеңеет. Негизинен булак (42%), мөңгү (28%), кар (25,4%) сууларынан куралат. Ири куймалары: Чамынды (уз. 29 км), Туюксуу (13 км), Чоң Таш (12 км). Жылдык орт. чыгымы 1,12 м3/сек, эң көп чыгымы июнь – июлда, азы январь – февралда байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартыла баштайт. Алабында таш көмүр кени бар. Жээгинде Миңкуш шаарчасы, Сарыбулак кыш. жайгашкан.