География:КӨӨЛҮ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨӨЛҮ ӨРӨӨНҮ Борб. Теңиртоодо, Тескей Алатоо (түндүгүндө) м-н Көөлү (түштүгүндө) тоолорунун аралыгында кеңдик багытта жайгашкан. Аянты 844 км2. Уз. 51 км, туурасы 2–4 км. Бийикт. 2800– 4000 м. Тепши сымал. Оң өндүрүнүн орто ж-а төмөнкү бөлүгү тик, нымдуу, сол капталы жантайыңкы ж-а кургак. Өрөөндүн жогорку бөлүгү кененирээк. Климаты континенттик. Жылдык орт. темп-ра —1,8°С, январдыкы —19,6°С, июлдуку 10,2°С. Жылдык жаан-чачыны 308 мм. Кышында кар жокко эсе. Шамал батыштан согот. Аймагынын 30%ин мөңгүлөр каптап жатат. Ирилери: Караколтөр, Каратөр, Ашуутөр, Сарычат, Моло. Катаал климаттык шарттарда көп жылдык тоң катмары пайда болгон. Чоң суусу — Көөлү. Өрөөндүн ортоңку ж-а төмөнкү бөлүгүнүн тескей беттериндеги (2800–3000 м) каралжын токой топурагында шренк карагайы, тал, караган, доңуз сырты, каракыяк; сол өндүрүндөгү тоо-талаа каралжын топурагында шыбак, кылканактуу чөптөр, көдөө, төө сойгок өсөт. Субальп алкагындагы (3000–3400 м) тоо-шалбаалуу талаа ж-а талаа коңур топурагында доңуз сырты, каракыяк, коңурбаш, кымыздык, таран, кылкан чөп көбүрөөк; альп алкагындагы (3400–3700 м) тоо-шалбаалуу каралжын чым-көңдүү топурагында доңуз сырты, кийикот, кылканактуу чөптөр ж. б. өсөт. Гляциалдык-нивалдык ландшафттарда ташка жабышкан эңилчек кездешет. Өрөөндө Ысыккөл облусунун Аксуу р-нун малы кыштайт. Тоют сактоо базалары, метеостанция бар. Өрөөндүн орто бөлүгүнө чейин машина жүрүүчү кара жол салынган.