География:КӨЛТӨР МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨЛТӨР МӨҢГҮСҮ — Тескей Алатоонун түн. капталында. Төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 2,6 км, аянты 5,0 км2. Ысыккөлдүн куймасы – Каракол суусунун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4710 м, этеги 3540 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3730 м, абляция облусунун аянты 3,3 км2. Мөңгүдөн агып чыккан суу Көлтөргө (Караколдун оң куймасы) куят.