География:КӨКМОЙНОК – КАРАКЕЧЕ КӨМҮРЛҮҮ АЙМАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨКМОЙНОК – КАРАКЕЧЕ КӨМҮРЛҮҮ АЙМАГЫ, К а б а к к ү р ө ң к ө м ү р б а с с е й н и –Нарын облусунун Жумгал р-нундагы көмүр кендери жаткан аймак. Чаек кыш-нан 45 км түш.-батыш тарапта, Молдотоо м-н Түш. Кабак тоолорунун аралыгындагы Миңкуш ж-а Каракече өрөөндөрүндө жайгашкан. Аймактын көмүрү жерг. элге илгертен белгилүү. Уз. 88 км, туурасы 5–8 км. Мында Саркамыш, Көкмойнок, Миңкуш 1,2,3, Доңуз, Каракече, Карачийлүү сыяктуу бир нече кен белгилүү. Райондун аймагын ордовик, карбон, юра ж-а неоген-палеогендин чөкмө тоо тектери, антропогендин борпоң чөгүндүлөрү түзөт. Көмүр кендери юра мезгилинде пайда болгон тектерде топтолгон. Алар калыңдыгы 81 мге жеткен бир нече көмүр кабаттарынан турат. Көмүр күрөң; гумустуу, күкүрттүү ж-а күлү аз. Күйгөндө 21,5 МДж/кг жылуулук берет. Райондо көмүрдүн 1800 м тереңдикке чейинки жалпы геол. запасы 3,9 млрд т. Келечекте отун ресурсун көбөйтүүдө, хим. сырьёлорун алууда мааниси чоң.