География:КЫЗАРТ АШУУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗАРТ АШУУСУ (кыз ж-а байыркы кыргызча арт — ашуу; кыз ашуу) Ички Теңиртоодо; Кочкор ж-а Жумгал өрөөндөрүн байланыштырат. Сандык ж-а Кызарт тоолорунун аралыгында. Бийикт. 2664 м. Чыгыш жагы жантайыңкы (Узунбулак), батышы бир аз тик (28— 30°, Карасуу). Ашуу аркылуу авт. жолу өтөт. Ашуу жыл бою ачык.