География:КУРГАКТЕПЧИ МӨҢГҮЛӨРҮ
КУРГАКТЕПЧИ МӨҢГҮЛӨРҮ — Борб. Теңиртоодогу Акшыйрак тоо тоомунун чыгыш капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги эки мөңгү. Сарыжаз суусунун сол куймасы Үчкөлдүн алабында. С о л тарабындагы мөңгүсүнүн уз. 4,1 км, аянты 4,6 км2, көлөмү 0,489 км3. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. Башы деңиз деңг. 5040 м, этеги 3850 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4230 м. Этегинин калыңдыгы 100 м. Оң капталдан жүрүп туруучу кар көчкүдөн куралат. О ң жак мөңгүсүнүн уз. 4,5 км, аянты 5,0 км2, көлөмү 0,250 км3, абляция облусунун аянты 2,0 км2. Башы деңиз деңг. 5040 м, этеги 3910 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Кар көчкүлөрдөн куралат. Этегинин калыңдыгы 50 м. Мөңгү 1933–58-ж. 670–720 мге тартылып, аянты 0,23 км2ге кичирейген. Андан Кургактепчи суусу башталып, Үчкөл суусуна оң тараптан куят.