География:КУЛЖАТӨР МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУЛЖАТӨР МӨҢГҮСҮ – Какшаал кырка тоосунун түн. капталындагы төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Акшыйрак суусунун оң куймасы Бозжалпактын алабында жайгашкан. Аянты 3,3 км2, уз. 3,9 км. Башы деңиз деңг. 4658 м, этеги 3870 м бийиктикте. «Тилинен» төмөн жаңы морена жатат. Мөңгүдөн Бозжалпактын оң куймасы Кулжатөр суусу башталат.