География:КОМСОМОЛ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОМСОМОЛ МӨҢГҮСҮ Борб. Теңиртоодо. Эңилчек мөңгүсүнүн ири тармагы. Бозкыр кырка тоосунун түн. капталынан башталат. Уз. 16,0 км, жалпы аянты 70,2 км2. Башы деңиз деңг. 6090 м, этеги 3800 м бийиктикке жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Дендрит тибиндеги бутактап кеткен тоо аралык өрөөн мөң гүлөрүнүн тобуна кирет. Абляция аянты 3,5 км2. Мөңгү Эңилчектин негизги «тилинин» түш. четине ичке тилке болуп кошулуп, батышты карай агат.