География:КОЛПАКОВСКИЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛПАКОВСКИЙ МӨҢГҮСҮ — Тескей Алатоонун түш. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги эң ири мөңгү. Сарыжаз суусунун оң куймасы Үчкөлдүн алабында жайгашкан. Уз. 10,0 км, туурасы 1–1,1 км, аянты 30,7 км2, калыңдыгы 90–120 м, абляция облусунун аянты 9,2 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4750 м, этеги 3660 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300– 4350 м. «Тилинин» калыңдыгы 50 м. Мөңгү 1869-жылдан бери 1300 мге тартылган. Мөңгүдөн башталган суу Үчкөл суусунун жогорку агымы Сарычатка сол тараптан куят. Оруссиянын генералы Колпаковскийдин ысымынан аталган.