География:КИЧИ КАРАКАМАН МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ КАРАКАМАН МӨҢГҮЛӨРҮ — Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш ж-а чыгыш капталдарында жайгашкан 2 мөңгү. Арпа суусунун (Алабуганын негизги курамы) сол куймасы Кичи Каракамандын төрүндө. Уз. 4,3 ж-а 3,9 км, аянты 6,6 ж-а 3,3 км2. Этеги 3590–3720 м, башы 4640–4840 м бийиктикте жайгашкан. Морфологиялык жактан татаал өрөөн ж-а өрөөн тибиндеги мөңгүлөргө кирет. 10–15%ин үстүнкү ж-а каптал мореналар жаап жатат. Муз жаракалары көп.