География:КИЧИ КАРАГОЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ КАРАГОЙ МӨҢГҮСҮ — Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,3 км, аянты 4,1 км2, көлөмү 0,02 км2. Аравансай суусунун негизи курамы–Кыргызатанын төрүндө жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4850 м, этеги 3950 м бийиктикте. Кар чегинин бийикт. 4250 м. Абляция облусунун аянты 2,0 км2. Кийинки мезгилде артка чегинүүдө. Мөңгүдөн башталган суу (Кыргызатанын алабы) Карагойго куят.