География:КЕЛИНТАЙГАК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛИНТАЙГАК МӨҢГҮСҮ — Ички Т еңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Жаңыжер кырка тоосунун чыгыш учунун түн. капталында жайгашкан. Уз. 3,3 км, аянты 3,6 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4880 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4160 м. Абляция облусунун аянты 1,6 км2. Мөңгүдөн Атбашы суусунун сол курамы Жаңыжердин башаты – Келинтайгак өзөнү башталат.