География:КЕЛДИКЕ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛДИКЕ МӨҢГҮЛӨРҮ — Тескей Алатоонун түн. капталындагы Чоң Кызылсуу өрөөнүнүн төрүндө жайгашкан эки мөңгү (Батыш Келдике ж-а Чыгыш Келдике). Б ат ы ш К е л д и к е мөңгүсүнүн уз. 2,8 км, аянты 3,1 км2. Өрөөн тибиндеги мөңгүлөрдүн тобуна кирет. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4750 м, этеги 3320 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3750 м. Абляция облусунун аянты 1,1 км2. Ч ы г ы ш К е л д и к е мөңгүсүнүн уз. 4,6 км, аянты 5,8 км2. Татаал өрөөн тибиндеги мөңгүлөрдүн тобуна кирет. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4350 м, этеги 3300 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3750 м. Абляция облусунун аянты 2,1 км2. Мөңгүлөрдөн Келдике суусу башталып, Чоң Кызылсууга оң жактан куят.