География:КЕГЕТИ ШАРКЫРАТМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕГЕТИ ШАРКЫРАТМАСЫ Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы. Кегети суусунун сол куймасынын капчыгайы негизги өрөөнгө кошулган жердеги акиташтуу тик кашаттан кулап түшөт. Бийикт.18–20 м. Өрөөн аркылуу өткөн кара жолго жакын болгондуктан туристтердин эс алуусуна ыңгайлуу.