География:КАТЫРАҢБАШЫ ТООСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАТЫРАҢБАШЫ ТООСУ – Алай кырка тоосунун түн. тармактарынын бири. Катыраңтоонун батышында кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 2200–2500 м, эң бийик жери 3048 м. Кырдуу, аскалуу, капталдары жантайыңкы, кыска. Палеогендин чопо, алевролит, кумдук, акиташ ж. б. тектеринен турат. Чөл, жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафттары басымдуу. Нымдуураак тоо беттеринде талаа ж-а шалбаалуу талаа алкактары кездешет. Чарбачылыкта чабынды, кайрак айдоо, жайыт катары пайдаланылат.