География:КАРАКАМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКАМАН – Ички Теңиртоодогу суу, Кичи Нарындын оң куймасы. Уз. 36 км, алабынын аянты 331 км2. Башында Чоң Каракаман ж-а Кичи Каракаман аталып, Тескей Алатоонун түш. капталынан башталат. Жогорку агымында кууш өрөөн аркылуу шар агат. Ортоңку бөлүгү тектирлүү. Куймалары: Чоң Каракаман, Кичи Каракаман, Ичкетөр, Борду. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 2,1–3,3 м3/сек. Эң көп чыгымы июль – августта, азы январь – февралда байкалат.