География:КАРАГЕРМЕ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРАГЕРМЕ МӨҢГҮСҮ – Какшаал кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Уз. 11,6 км, аянты 27,3 км2. Мүдүрүм суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5840 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4360 м. Абляция облусунун аянты 6,4 км2. Куралуу облусу кенен, үч зор мөңгүнүн кошулушунан түзүлгөн. Алардын «тилдери» ортоңку мореналар м-н бөлүнүп, өрөөн б-ча 6 кмге созулат. Этегинен 35–40 м төмөн жаңы «этек морена» жатат. Мөңгүдөн Мүдүрүмдүн сол куймасы Карагерме суусу башталат.