География:КАРАВАН ТҮЗДҮГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАВАН ТҮЗДҮГҮ, К а р а в а н — К ө к ж а р т ү з д ү г ү Алай кырка тоосунун түн. этегинде. Түндүгүнөн Дастар, Улуутоо тоолору, түштүгүнөн Гаузан тоосу, чыгышынан Белөрүк адырлары, батышынан Исфайрамсай өрөөнү м-н чектешет. Уз. 28– 30 км, туурасы 16–18 км. Деңиз деңг. бийикт. 1200–1500 м. Түздүк негизинен тегиз, чет-жакалары майда жылга-жыбыттуу. Айрым жерлеринде суу эрозиясынан пайда болгон рельефтин формалары кездешет. Палеоген-неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдеринин чөкмө ж-а шиленди тектери м-н капталган. Климаты континенттик. Жайы ысык (июлдун орт. темп-расы 24°С), кышы мелүүн (январдыкы –3,5°С). Жылдык жаан-чачыны 250–290 мм. К. т-ндө Абшыр м-н Исфайрамсай суулары каналдарга бөлүнүп кетет. Негизинен боз топурактуу. Шыбак-эфемерлүү ж-а жарым чөл талаа ландшафттары мүнөздүү. Тамеки, дан өсүмдүктөр ж. б. эгилет. Түздүктө КызылКыя ш., Караван, Үчкоргон, Кувасай кыш. жайгашкан.