География:КАРАБУЛУҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАБУЛУҢ — Ысыккөлдүн түш .-чыгышындагы эң ири булуң. Жетөгүз р-нун аймагында. Синклиналдык кайкыдан орун алган. Аянты 16,55 км2, уз . 6,0 кмден ашык, жазылыгы оозунда 5 км, эң терең жери 70 м. Ысыккөл санаторийинин жанындагы эң тайыз жери суунун тартылуусунан кийинки жылдары жээкке туташып калган. Булуңдун кум, тунма чөгүндүлөр төшөлгөн таманы батышты көздөй эңкейиш. К-га Жууку суусу куюп, анын суу алдындагы уландысы (нугу) булуңдун орто ченинде Чоң ж-а Кичи Кызылсуунун өрөөндөрү м-н кошулуп, 120 м тереңдиктен бүтөт. Жээктери аккумуляциялык тектир, көлгө кирип турган жерлеринде (тумшук, урчуктар) майда булуң, буйтка, колтуктар көп; түш .-чыгыш бөлүгүндө абразиялык жемирилген жээктер да кездешет. Түш .-чыгыш капшытында чакан кеме токтоо үчүн өтө ыңгайлуу Кызылсуу колтугу жайгашкан. Жууку суусу жылына булуңга 27 миң тдан 95 млн тга чейин шиленди агызып келет. Агын суулар көп куйгандыктан мала туздуу. Бирок, мындай тузу кем суу көлдүн үстүңкү 10 мге чейинки катмарына гана мүнөздүү. Суу жай айларында 20–22°Сге чейин жылыйт; кышкысын тоңбойт. Жылуу суу, кумдуу жээк, чаңкайып тийген ысык күн булуңдун кылаасында эс алууга өтө ыңгайлуу шарт түзөт. «Ысыккөл» санаторийи, пристань ж . б . бар. Көлдүн суусунун такай тартылышы, жээктердин өзгөрүшү булуңду пайдалан ууда кыйынчылыктарды туудурууда. К . топогр . карталарда «Покровка булуңу» деп берилген.