География:КАРАБАТКАК МӨҢГҮСҮ
КАРАБАТКАК МӨҢГҮСҮ – Тескей Алатоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,5 км, туурасы 300–400 м, аянты 4,5 км2. Ысыккөлдүн куймасы – Чоң Кызылсуунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3300 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3750 м. Абляция облусунун аянты 1,6 км2. Мөңгү таманы бир аз жантайыңкы келип, кенен төрдө жатат. Куралуу облусу м-н «тилинин» ортосунда бийикт. 100 мдей келген катар жаракалар тепкич сымал болуп жатат. Мөңгүнүн сол жак четинде тоо тектердин сыныктары үйүлүп калган. Этегинде мореналар бар. Зор дого сымал аяккы морена м-н мөңгүнүн этегинин аралыгында мөңгүнүн аракетинен көл пайда болгон. Мөңгү тартылууда (жылына 5–6 м). Калыңдыгы 50 мден 80 мге чейин өзгөрөт. Андан агып чыккан суу Чоң Кызылсуунун оң куймасы Кашкатөргө куят. Мөңгүгө 1947-жылдан тартып үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүүдө. Эл аралык геофиз. жылдын (1957-ж. 1-июль) программасы б-ча 1-категориядагы байкоолорду жүргүзүү үчүн атайын тандалган. Кийинки мезгилде мөңгүдө муздуктардын өзгөрүп турушун изилдөө б-ча эл аралык программада байкоо жүргүзүлүүдө. СССРдин убагында анын материалдары Москвадагы ж-а Нью-Йорктогу эл аралык ил. борборлорго жөнөтүлүп турчу.