География:КАНЖАЙЛАК МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАНЖАЙЛАК МӨҢГҮСҮ– Борб. Теңиртоодогу дендриттик өрөөн тибиндеги мөңгү. Эңилчек кырка тоосу ж-а анын айрыгында жайгашкан. Сарыжаз суусунун алабында. Уз. 13 км, аянты 32,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5257 м, этеги 3150 м бийиктикте. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Мөңгү мезгил-мезгили м-н тартылып, кайра алдыга жылып турат. Андан Эңилчек суусунун сол куймасы Атжайлоо суусу башталат.