География:КАМАН МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАМАН МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү, Кызылсуу суусунун алабында. Уз. 12 км, аянты 27 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 6700 м, этеги 3700 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м. Абляция облусунун аянты 7,7 км2. Мөңгүдөн Кызылсуунун сол куймасы Каман суусу башталат.