География:КАЙЫҢДЫ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЙЫҢДЫ МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу татаал өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Эңилчек ж-а Кайыңды кырка тоолорунун кошулган жеринен башталып, алардын аралыгы б-ча батышка карай созулат. Уз. 25,8 км, аянты 107,4 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5520 м, этеги 3400 м бийикте жатат, кар чегинин бийикт. 4440 м. Абляция облусунун аянты 23,4 км2. К. м-нүн жогорку бөлүгү Комсомол мөңгүсүнүн жогорку сол тармагы м-н биригет. Мөңгү кар көчкүлөрдөн да куралат. Этегинин калыңдыгы 170 мдей. Бети (10 км аралыкта) уңкул-чуңкулдуу келип, көбү көлмөлөр м-н толгон. Мөңгүдөн Сарыжаздын сол куймасы Кайыңды суусу башталат.