География:ИШЕНБУЛАК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШЕНБУЛАК МӨҢГҮСҮ — Күнгөй Алатоонун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 2,9 км, аянты 4,2 км2. Чоң Аксуунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4650 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. Мөңгү оң капталдагы кар көчкүлөрдөн куралат. Куралуу облусу мөңгүнүн «тилинен» омкорулма муздар аркылуу бөлүнөт. Мөңгүнүн бети тегиз, муз жаракалары м-н тилмеленген. Мөңгүдөн Ишенбулак суусу башталып, Чоң Аксууга сол жактан куят.