География:ЖЕҢИШ ҮҢКҮРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕҢИШ ҮҢКҮРҮ – лабиринт тибиндеги ири термокарст үңкүрү. Ноокат р-нун аймагында, Косчан тоосунун түн. капталында, Ноокат кыш-нан 6 км түн. тарапта жайгашкан. Үңкүрдү 1976-ж. А. Я. Жуканин ж-а В. В. Филипенко тапкан; 1978-ж.спелеология экспедициясы изилдеген. Карбон мезгилинин акиташ тектеринде пайда болгон. Жалпы уз. 1500 м. Геол. ж-а спелеологиялык изилдөөлөр үчүн мааниси зор.