География:ЖЕТӨГҮЗ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТӨГҮЗ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ысыккөл облусунун Жетөгүз р-нундагы дарылык касиети бар минералдуу жылуу суу булактары. Каракол ш-нан 28 км түш.батыш тарапта. Тескей Алатоонун түн. капталында. Жетөгүз суусунун боюнда, деңиз деңг. 2200–2400 м бийиктикте. Ысык булактар жерг. элге илгертен белгилүү. Булактар чыккан аймакта протерозойдун метаморфизмделген сланецтери ж-а аны жиреп чыккан гранит интрузиясы, карбондун акиташ теги, кумдук, алевролит, юранын конгломераттары ж-а палеоген-неогендин кум-чополуу тоотектери жатат. Жылуу суулар акиташ тектериндеги тектон. жаракалардан агып чыгат. О. эле 150 м тереңдиктен бургулаганда да суу чыккан. Дебити 2,7 л/сек. Хим. составы, физ. касиети б-ча радондуу, хлорид-натрий-кальцийлүү, чала жегичтүү (рН=7,3–7,6) арашан сууларына кирет. Т емп-расы 25– 42°С. Жалпы минералданышы 0,9дан 13 г/лге чейин. Түссүз, жытсыз, даамсыз. Составында бром, йод, бор, марганец, жез, никель, коргошун, цинк, алюминий бар. Биологиялык активдүү компоненти радон, анын өлчөмү 18–400 Махе бирдигине же 127,4 х 108 кюри/лге чейин. Эсептелген запасы 5,15 л/сек (1963). Муун, нерв ж-а гинекология ооруларына шыбаа берет. Суунун базасында Жетөгүз курорту иштейт.