География:ЖЕТИМ ТЕМИР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИМ ТЕМИР КЕНИ Нарын р-нунда, Нарын ш-нан 60 км чыгышта. Жетим ж-а Нарын кырка тоолорунда. 1956-ж. ачылган. Кен бассейнинин уз. 70 км, туурасы 10 км. Мында темир рудасынын өз алдынча 6 кени (участкасы) бар. Руда тулкулары линза ж-а кабат сымал каралжын ж-а жашыл сланецтерде жатат. Руда негизинен гематит ж-а магнетит минералдарынан түзүлгөн; калыңдыгы 10–20 м. Зыяндуу кошундулары жок. Рудадагы темирдин өлчөмү 15,4–46,3%. Кен жер үстүнөн гана изилденген. Темир рудасынын С2 категориясы б-ча эсептелген жалпы запасы 5,5 млрд т (темирдики 1,74 млрд т).