География:ЖЕРҮЙ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕРҮЙ МӨҢГҮСҮ — Тескей Алатоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Аксай суусунун алабынан орун алган. Уз. 7,3 км, аянты 8,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4640 м, этеги 3430 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3970 м. Абляция облусунун аянты 3,7 км2. Фирн облусу негизинен суу бөлгүч м-н анын чыгышка багытталган айрыгынын ортосунан орун алган. Мөңгүдөн Жерүй суусу (Аксай суусунун негизги курамы) башталат.