География:ЖАҢАРТТЫНБАШЫ МӨҢГҮЛӨРҮ
ЖАҢАРТТЫНБАШЫ МӨҢГҮЛӨРҮ – Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги эки мөңгү (Батыш ж-а Чыгыш Ж. м.). Какшаал кырка тоосунун түн. капталында, Акшыйрак суусунун алабында жайгашкан. Б а т ы ш Ж а ң а р т м ө ң г ү с ү н ү н уз. 9,5 км, аянты 10,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5335 м, этеги 3530 м бийиктикте жатат. Эски морена мөңгүнүн азыркы этегинен 1,6 кмге ылдый жатат. Этегинде тоо тектердин сыныктары үйүлгөн. Мында мөңгүнүн бетинен бир нече метр бийик жаткан эки ортоңку морена аяктайт. Морена м-н мөңгүнүн ортосу аркылуу мөңгүнүн эриген суусу пайда кылган терең жыралуу нук жатат. Оң жактагы ортоңку морена мөңгүнүн этегинен төмөн карай уланып кетет. 1943–62-ж. мөңгү 400 мге тартылган. Чыгыш тарабында, мурда анын бир тармагы болгон Ч ы г ы ш Ж а ң а р т м ө ң г ү с ү жатат. Уз. 8,2 км, аянты 10,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4940 м, этеги 3630 м бийиктикте жатат. Бул мөңгү негизги өрөөнгө карата асылма мөңгү болот (200–250 м бийик жатат). Калыңдыгы этегинде 70 м. Капталда рда гы м ореналард ын к алы ңдыгы 30–40 мге жетет.1943–62-ж. 190 м тартылган. Мөңгүлөрдөн агып чыккан суулар Жаңартка оң жактан куят.