География:ЖАРКОРУМДУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРКОРУМДУ МӨҢГҮСҮ — Ички Т еңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. К ы зарт кырка тоосунун түн. капталында. Кочкор суусунун алабынан орун алган. Уз. 3,9 км, аянты 5,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4155 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3960 м, абляция облусунун аянты 3,2 км2. Азыркы мезгилде мөңгү бир калыпта тартылууда. Мөңгүдөн Жаркорумду суусу башталып, Кочкордун оң куймасы – Кызартка оң тараптан куят.