География:ЖАМАНСУУ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАНСУУ МӨҢГҮЛӨРҮ Борб. Теңиртоодо, Майбаш кырка тоосунун ачасында жайгашкан. Сарыжаз д-нын сол куймасы Жамансуунун башындагы ири эки мөңгү (Түн. ж-а Түш. Ж. м.). Т ү н. Ж а м а н с у у м ө ң г ү с ү н ү н уз. 5,3 км, аянты 4,8 км 2 . Төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5100 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4150 м. Абляция облусунун аянты 2,1 км2. Т ү ш. Ж а м а н с у у м ө ң г ү с ү н ү н уз. 5,0 км, аянты 4,6 км2. Өрөөн тибиндеги мөңгү. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5250 м, этеги 4600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4760 м. Абляция облусунун аянты 0,3 км2. Өрөөнүндө байыркы мөңгүлөрдүн издери (тепши сымал өрөөндөр, байыркы этек мореналарынын калдыктары ж. б.) байкалат; алар мурунку убакта өрөөндө зор мөңгүлөр жаткандыгын, алардын этеги 2000 мге чейин ылдыйлагандыгын айгинелейт. Мөңгүдөн Жамансуу өзөнү (Сарыжаздын сол куймасы) башталат.