География:ГРИГОРЬЕВ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИГОРЬЕВ МӨҢГҮСҮ – Ички Теңир тоодогу жалпак чокудагы мөңгү. Уз. 6 км, аянты 8,3 км2. Тескей Алатоонун түш. капталында, Арабел суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4606 м, этеги 4202 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4400 м. Мөңгүнүн формасы үч бурчтук сымал, эңкейиштеген сайын жайылып, этегинин эни 4 кмге чейин жетет. Калыңдыгы 100–150 м. Сырткы кейпи түндүктөгү аралдардагы калкан сымал мөңгүлөргө окшош. Мөңгү акад. А. А. Григорьевдин ысымынан аталган.