География:БЫТЫЙ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЫТЫЙ МӨҢГҮСҮ – Кыргыз Алатоосунун түн. капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,3 км, аянты 3,5 км2. Ысыката суусунун оң куймасы– Бытыйдын төрүнөн орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4270 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3970 м. Абляция облусунун аянты 1,8 км2. Бытый өрөөнүнүн төрлөрүндө таштуу мөңгүлөр бар. Алар цирктерден башталып, өрөөндүн тик капталдарына чейин созулат; мореналар текши жаткан жерлери да бар. Таштуу мөңгүлөр капталдардан ж-а төрлөрдөн жылып түшүп, өрөөндү бөгөп калган. Мөңгүдөн Бытый суусу башталат.