География:БУЛАНТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛАНТӨР МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7,4 км, туурасы 700–1500 м, аянты 9,3 км 2 . Кайыңды кырка тоосунун түш. капталында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5240 м, этеги 3000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Абляция облусунун аянты 3,1 км2. Негизги кырка тоо м-н анын түш. тармагынын ортосундагы кеңири төрдөн башталып, батышка карай багытталган. Мөңгүдөн аты окшош суу агып чыгып, Көйкапка оң жактан куят.