География:БОСОГО КАПЧЫГАЙЫ
БОСОГО КАПЧЫГАЙЫ Атбашы өрөөнүнүн чыгышында. Атбашы кырка тоосунун чыгыш бөлүгү м-н Нарын кырка тоосунун кошулган жериндеги кууш ж-а кооз капчыгай. Уз. 4 км. Деңиз деңг. бийикт. 2600 м. Таманы кууш, 100–150 м, айрым жерлерде 30–50 м. Капчыгай тектон. терең жаракадан ж-а суу эрозиясынан пайда болгон. Капталдары көбүнчө тик. Суу бойлой эни 50 мге жеткен кууш тектирлер созулуп жатат. Суудан 50 м бийиктикте капчыгайдын кырлары үстү тегиз тектирге айланат. Өрөөндүн туурасы Босого кыш. тушта 400 мге чейин кеңейет. Ичкекамандынын чатынан жогорураак Атбашы өрөөнү башталат. Капчыгай аркылуу Атбашы суусу агат. Б. к. токой-шалбаалуу талаа зонасында жатат. Капчыгай ичи карагай токойлуу (айрыкча сол каптал). Карагайга аралаш арча, четин, шилби, итмурун, жапайы кызыл карагат, бөрүкарагат, ыргай ж. б. бадалдар кезигет. Капчыгайдын этеги кылканактуу түркүн чөптүү талаа ландшафтуу. Б. к. аркылуу Атбашы өрөөнүн Аксай сырттары м-н байланыштырган авт. жолу өтөт. Капчыгайда токой чарбасы бар.