География:БОРУКЕ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРУКЕ МӨҢГҮЛӨРҮ – Борб. Теңир тоодогу татаал өрөөн тибиндеги эки мөңгү (Чыгыш ж-а Батыш Б. м.). Тескей Алатоонун түш. капталынан агып түшкөн Үчкөл суусунунун алабында жайгашкан. Бул мөңгүлөр кылымдын башында аянты 22,9 км2 келген бир мөңгү болгон, эрип чегинүүдөн экиге бөлүнгөн. Ч ы г ы ш Б о р у к е мөңгүсүнүн уз. 7,5 км, аянты 11,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5040 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат, кар чегинин бийикт. 4325 м. Б а т ы ш Б о р у к е м ө ң г ү с ү н ү н уз. 6 км, аянты 10,4 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4940 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Б. м-нүн куралуу облусу бөлөк болгону м-н этеги барып биригет. Абляция облусунун жалпы аянты 9,0 км2, муздун көлөмү 1,86 км3. Мөңгүдөн Үчкөл суусунун курамы Боруке башталат.