География:БИКИРТИК МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИКИРТИК МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү, Какшаал кырка тоосунун түн. капталында. Уз. 4,2 км, аянты 4,7 км2. Акшыйрак суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4615 м, этеги 3890 м бийикте жатат. Ал өрөөндүн оң капталынан орун алып, оң тарабынан каптал морена, төмөн жагынан этек морена жалчалары м-н торолгон. «Тили» бузулган мөңгүлөр м-н татаалданган. Мөңгүдөн Бикиртиктин оң куймасы – Сарытөр суусу башталат.