География:АТБАШЫ КАПЧЫГАЙЫ (КЕПТЕШ)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АТБАШЫ КАПЧЫГАЙЫ (КЕПТЕШ)— Атбашы өрөөнүнүн түн.-батышындагы Кошойдун Каратоосунун чыгыш бөлүгүн түштүктөн түндүккө кесип өткөн кууш капчыгай. Абс. бийикт. 1860–1900 м. Уз. 6 км, туурасы 20–150 м. Капталдары бийик (200–400 м), кууш ж-а тик (50–60°). Капчыгайдын түш. бөлүгү бир аз жайык, шагыл таш эшилмелери көп, түн. тарабы кууш. Ал аркылуу Атбашы суусу агат. Антецеденттик типке кирет. Палеозой заманынын кристаллдуу чулу тоо тектеринен турат, түш. бөлүгүндө палеоген м-н неогендин конгломерат ж-а кумдук чөкмө тоо тектери жатат. Капталындагы күнөстүү майда торпуларда чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт. Капчыгайда Атбашы ГЭСи (40 миң кВт•с) курулган.